Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менен жолугушту.
Жолугушууда Мамлекет башчысы менен Премьер-министр Өкмөттүн программасынын негизги багыттарын жана 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, мыйзам чыгарууну жакшыртуу, калкты социалдык жактан камсыздоо, “Таза коом” улуттук долбоорду ишке киргизүү боюнча пикир алмашышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ