«Казакмыс» компаниясы 22-февралда Караганда облусундагы байытуу фабрикасынын жумушчусу иш учурунда алган жаратынан көз жумганын билдирди.
Маалыматтарга караганда, 1994-жылы туулган жумушчу Жезказган байытуу фабрикасынын көмөк чордон кампасында кабелдерди тегиздеп жаткан маалда жаракат алган.
Ал ооруканага жеткирилип, операция болгондон кийин өзүнө келбей көз жумду.
Компания жумушчу кокустан жаракат алган деп эсептейт. Бирок окуянын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ