Британиялык атактуу поп-ырчы Робби Уильямс 15-декабрда Өзбекстандын борбору Ташкендеги Эл аралык форумдар сарайында өзүнүн концертин берди.
Бир концертин 1.000.000. фунт-стерлингден кем баалабаган Робби Уильямстын Ташкенге келишин россиялык өзбек миллиардери Алишер Усманов төлөп берди деген маалымат азыр интернет айдыңында кеңири жайылууда. Ошого карабай концерттин бир билетинин баасы 2 миллион сумга ($245) жеткен.
Концерттин жүрүшүндө уюштуруучулар Роббиге өзбектердин алтын жип менен шырылган улуттук чапанын белек катары жабышты.
Концерти катуу кызыганда Робби Уильямс көрүүчүлөргө артын салып эңкейе, артисттик юбкасынын этегин көтөрүп, көчүгүн көрсөткөнгө да үлгүрдү.
https://www.youtube.com/watch?v=wwxqpr1gj9I
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ