Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Өкмөттүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жана «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун мамлекеттик зайым каражаттары боюнча карызын кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү өтүнүчүнө макулдугун берди. Бул туурасында ЖК басма соз кызматы билдирет.
Өкмөттүн маалыматына караганда, 2015-жылы эки ишкананын бюджет тартыштыгы 9 млрд 400 млн сомду, ал эми 2016-жылы 7 млрд 300 млн сомду түзгөн. «Электр станциялары» ишканасы 2017-жылы өз бюджетин оптималдаштыруу менен, бюджет таӊсыктыгын 1 млрд 200 млн сомго, ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ишканасы 562 млн сомго азайткан. Ошондон улам, азыр карызды төлөө шарттарын өзгөртүү зарылчылыгы жаралууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ