Menu

АКШ Өзбекстандын ДСУга киришине көмөктөшөт

Бөлүшүү:

Ташкент менен Вашингтон Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү жараянына АКШнын жардам бере тургандыгы боюнча макулдашууга келишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн тышкы соода министрлигине шилтеме кылып кабарлашты.

Өзбекстанда өткөн макулдашууга кол коюу жыйынына АКШ тараптан өлкөнүн Орто жана Түштүк Азия боюнча соода өкүлү М.Линскотт катышты.

Маалыматка караганда, алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн Өзбекстандын Тышкы соода министрлиги менен АКШнын Соода палатасынын кызматкерлеринин ортосунда туруктуу байланыш орнотулат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Өзбекстандын АКШнын тарифтик жеңилдетүүлөр системасына катышуусуна байланышкан маселелер дагы көтөрүлдү.

Буга чейин Regnum агенттиги Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматына таянып, президент Шавкат Мирзиёевдин Түштүк Кореяга болгон 23-ноябрдагы сапарында Өзбекстандын ДСУга киришине көмөктөшүү боюнча меморандумга жана «жол картасына» кол коюлганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: