Menu

Кыргыз-кытай газ кууру курулат

Бөлүшүү:

Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы – 1,2 млрд. доллар. Курулуш 2019-жылдын аягында башталмакчы.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет маалымдады. Ага ылайык, кыргыз-кытай газ куурун куруу боюнча сүйлөшүү 18-декабрда кыргыз өкмөтү менен Кытайдын “SINO-Pipeline” компаниясынын ортосунда болду.

Долбоор Түркмөнстандын газын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга сатууну максат кылат. Газ куурунун Кыргызстандагы узундугу 215 чакырымды түзөт.

Кыргыз-кытай газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы “Карамык” бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам бекетинен бүтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: