Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Файсал Ниаз Тирмизини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Төрага Дастанбек Жумабеков алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. “Кыргызстан Пакистан менен болгон бардык багыттагы кызматташтыкты арттырууга кызыкдар” – деди Төрага.
Өз кезегинде элчи Файсал Ниаз Тирмизи жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, кыргыз-пакистан мамилесин өнүктүрүүгө багытталган пландары менен бөлүштү.
Дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында парламенттер аралык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурарын айткан Файсал Ниаз Тирмизи соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүү да артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.
Муну менен катар Кыргызстандын университеттеринде көптөгөн пакистандык студенттер билим алып жатканын билдирген элчи билим берүү жаатындагы байланыштарды арттыруу зарылчылыгын маалымдады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ