Menu

Бүгүнкү күндө “Электрондук виза” системасы боюнча 597 арыз түшүп, анын ичинен 457 виза каралып бекитилди

Бөлүшүү:

2017-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасынын  биринчи кадамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасында “Электрондук виза” системасы аркылуу “ишкердик” жана “туристтик” категорияларындагы электрондук визаларды берүү программасы киргизилди. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Бүгүнкү күндө электрондук виза тутуму боюнча 597 арыз (туризм – 522, ишкердик – 75) түшкөн. Анын ичинен 457 виза каралып бекитилген (туризм – 399, ишкердик – 58),  дагы 140 арыз компетенттүү органдар менен карап чыгууга жана макулдашууга берилди.

Жарандыгы боюнча берилген визалардын көпчөлүгү Индия, Кытай, Пакистан жана Египет өлкөлөрүнүн түшкөн кайрылуулар.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков белгилегендей,  ”Электрондук виза” программасын киргизүү аркылуу  электрондук визаларды берүү өзүнүн натыйжалуулугун  далилдеди.

«Мен электорондук виза  колдонгон чет элдик жарандардын саны көбөйөрүнө ишенем. «Электрондук  виза» кызматын киргизүү  «Таза коом» санариптик трансформацияланган Программасына багытталган компоненттердин бири. Анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка жалпы өткөрүү, керектүү иш-кагаздарды жана маалыматтарды кароодо жана алууда убакытты кыскартуу болуп эсептелет. Биздин эң негизги максатыбыз бүткүл өлкө боюнча жалпы электрондук иш-кагаздардын жүргүзүүгө жетишүү» -деп белгиледи Сапар Исаков.

Маалымдама:

«Электрондук виза» системасы баардык чет мамлекеттик жарандарды Кыргыз Республикасына 90 күндүк мөөнөт менен кирүүгө, туристик жана ишкердик кирүү визаларын интернеттик байланыш аркылуу алууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү консулдук мекемелерине, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, өлкөнүн мамлекеттик чек ара өткөрүү пунктарындагы эл аралык виза пунктарына кайрылуунун зарылчылыгы жок.

Чет өлкөлук жаран же кабыл алуучу уюм электрондук форматта виза алуу үчүн «www.evisa.e-gov.kg»  интернет-сайтына кирип, документтин формасын толтуруп, Кыргыз Респкубликасына пландаштырылган сапары тууралуу маалыматты жана байланышты көрсөтүүсү зарыл.

Электрондук визаны берүү же баш тартуу жөнүндө кабарлоо, арызда көрсөтүлгөн  электрондук почта дарегине жиберилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: