Орусиянын Перьм шаарындагы мейманканадан мындай кырсык болгонун 20-январда Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Көз жумгандардын жансыз денелерин ысык сууну сордуруп алышкандан кийин табышкан. Алардан тышкары үч киши күйүп, ооруканага жеткирилген. Алгачты тез жардам кырсык болгондо 10 мүнөттөн кийин барган.
Суу түтүк болжол менен таңкы 04:00дө жарылган. Кайнак суу мейманкананын оозуна чейин агып келген. Перьм крайынын губернатору Максим Решетников кырсык болгон жерге келип, каза болгондордун үй-бүлөсү менен денеси күйүп, аман калгандарга материалдык жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ