“Элдин баары эле Садыр Жапаровду колдойбуз деп жатат. Биз да аны колдойбуз” – деди Тамара Шаршенбиева сурамжылоо жүргүзүп жүргөн журналисттерге.
Журналист президенттик шайлоо менен рефендум да өткөрүлө турганын белгилеп, “башкаруунун кайы формасын тандайсыз?” – деп суроо узатты журналист.
“Президенттик башкаруу болгону дурус. Эки тизгин бир чылбыр бир кишиде болгону дурус. Бири аттын башын кармаса, дагы бири чылбырын кармаса ал ат кайда барат? Президенттик башкарууну каалаймын”, – деди Шаршенбиева.
Парламенттик башкаруу системасы жакшылыкка алып келбегенин белгиледи.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ