Menu

Өзбекстанда Каримованын мурдагы күйөөсүнүн дагы бир компаниясы сатыкка коюлду

Бөлүшүү:

Өзбекстанда маркум президент Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Рустам Мадумаровго таандык «Rubicon Wireless Communication» компаниясы сатыкка коюлду.

Өзбек басылмалары билдиргендей, мобилдик байланыш менен алектенген «Perfectum» компаниясы «Rubicon Wireless Communication» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык.

Ачык аукцион демпинг ыкмасы менен өтөт. Компаниянын баштапкы баасы – 205 млрд. сум. Аукцион 10-июнда башталат.

Май айынын башында «Гранд» жеке радиостанциясына ээлик кылган «EDEL VEYS-ALI» фирмасынын 100 пайыздык үлүшү сатыкка коюлган. Анын наркы 4,1 миллиард сумга (480 миң доллар) бааланган. Бул фирма дагы Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Рустам Каримовго тиешелүү экени айтылган.

Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын жарандык никедеги күйөөсү Рустам Мадумаров Гүлнаранын бизнесиндеги коррупциялык схемаларга аралашканын жана 2014-жылы узак мөөнөткө түрмөгө кесилгенин маалымдаган.

Швеция прокуратурасы Рустам Мадумаровду Өзбекстан рыногуна кирүү үчүн пара алууда Гүлнара Каримова менен ири телекоммуникациялык компаниялар арасында ортомчулук кылууга айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: