Menu

Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун Башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Юрий Хачатуровду кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

ЖККУнун Башкы катчысы Кыргыз Республикасынын Президентине Уюмдун 2018-жылга карата пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ЖККУнун ишмердигинин негизги багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында Уюмдун жамааттык коопсуздук Кеңешинин мааракелик сессиясынын жыйынтыктарын канааттануу менен белгиледи. “Менин алгачкы жумушчу сапарым Москва шаарына, андан кийин ЖККУнун жамааттык коопсуздук Кеңешинин мааракелик сессиясы өткөн Минск шаарына болду. Мен Уюмга мүчө мамлекеттердин бардык башчылары менен жолугушуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганыма кубанычта болдум. Бул сапар абдан пайдалуу болду”, – деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы аймактагы коопсуздуктун кепилдиги катары ЖККУнун алкагында кызматташууга өзгөчө маани берет, Уюмдун алкагында ар тараптуу өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн тастыктайт.

ЖККУнун Башкы катчысы Юрий Хачатуров Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына шайланышы менен куттуктады. “Сиз шайлоодо ишенимдүү жеңишке жеттиңиз, шайлоо тынч өттү, бул Сизге мамлекетти өнүктүрүүнүн саясатын  ишенимдүү жүргүзүүгө жакшы  мүмкүнчүлүк берет”, – деп белгиледи Юрий Хачатуров. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасына Уюмдун ишмердигине дайым көңүл бөлүп, анын позицияларын бекемдөөгө кылган аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: