Menu

Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банкка төрага болуп дайындалат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов ушул жылдын 11-декабрында Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалган. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Толкунбек Абдыгулов 2014-жылдан тартып 2017-жылдын 25-августуна чейин Улуттук банктын төрагасы болуп иштеген. Андан биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Талапкердин каржы саясатын жакшы билерин, буга чейин бул кызмат ордунда кыйла ийгиликтүү иш алпарганын белгилеген депутат Дастан Бекешев андан эмне үчүн өкмөткө кетип калып, эми кайра келип жатканын сурады. Талапкер мамлекеттик кызмат адамы болгондуктан сунушталган жумушка барып иштегенин, эми Президент тарабынан кайрадан Улуттук банктын төрагалыгы сунушталып жатканын билдирди.

Толкунбек Абдыгулов 1976-жылы Ысык-Көл облусундагы Тоӊ районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз эл аралык университетин «эл аралык экономикалык мамилелер» адистиги, 1999-жылы Кыргыз эл аралык университетин «банк иштери» адистиги, 2005-жылы Нагойи университетин (Жапония) «экономиканы өнүктүрүү» адистиги, 2007-жылы Түндүк Техас (АКШ) университетин «мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: