Menu

“КР Соцфондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жɵнүндɵ отчетун бекитүү тууралуу”  мыйзамга кол коюлду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жɵнүндɵ отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 44 700 435,8 миң сом суммасында, чыгымдар боюнча 42 312 302,8 миң сом суммасында, кирешелердин чыгымдардан 2 388 133,0 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилген.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: