Menu

Австрия соту тажик жаранынын мекенине экстрадицияланышын мыйзамсыз деп тапты

Бөлүшүү:

Австриянын Жогорку соту 29 жаштагы Хизбулло Шовализоданы Тажикстанга экстрадициялоо тууралуу чечимди жокко чыгарып, анын бул европалык өлкөдө жашоо укугун калыбына келтирди.

Австрияда жашап жүргөн тажикстандык Хизбулло Шовализода быйыл 4-мартта мекенине экстрадицияланган. 12-июнда ал Тажикстанда 20 жылга эркинен ажыратылган.

Австриянын Жогорку соту 7-июлда өлкө бийлигинин Шовализодага башпаанек берүүдөн баш тартуусун жана аны Тажикстанга экстрадициялоого макул болгондугун мыйзамсыз деп тапты. «Вена Тажикстандын жаранына өлкөдөн өз эрки менен чыгып кетүүгө укук берген эмес жана аны экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарууда Тажикстандагы абал тууралуу эскирген маалыматка таянган», — деп жазылган Жогорку соттун чечиминде.

Шовализоданын адвокаты Грегор Кламмериндин айтымында, Жогорку сот австрия бийлигин тажикстандык жарандын бул европалык өлкөгө жеткирилишин камсыздоого милдеттендирди.

«Юридикалык жактан алганда баары түшүнүктүү. Биз Австриянын өкмөтүнө Шовализоданын иши саясий иш экенин жеткиребиз. Алар бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, аны Австрияга алып келиши керек», — деди адвокат.

4-мартта Австриядан Тажикстанга экстрадицияланган Хизбулло Шовализода мекенинде 12-июнда 20 жылга эркинен ажыратылган. Өлкөнүн Жогорку соту бул иш «жашыруун» каралып жаткандыгын билдирип, өкүм боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Мартта Тажикстандын Башкы прокуратурасы Шовализода «Экстремисттик топтун ишмердүүлүгүнө катышуу» жана «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча айыпталып жатканын билдирген. Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, ал Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» ишмердүүлүгүнө катышкан жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: