Menu

Экс-премьер Сапар Исаков жазасын өтөөгө жөнөтүлгөн Петровкадагы №8 колонияда буга чейин кайсы кылмышкерлер жазасын өтөгөн, кандай өлтүрүүлөр, жаңжалдар болгон?

Бөлүшүү:

23-апрелде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы билдиргендей, КРнын мурдагы премьер-министрлери Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов Бишкектеги №1 тергөө абагынан соттун өкүмү менен дайындалган көп жылдык жаза мөөнөттөрүн өтөө үчүн колонияларга которулушкан.

Белгиленгендей, 22-апрелде ЖАМКнын атайын комиссиянын отурумунда Сапар Исаковдун жазасын жалпы режимдеги, Петровкадагы №8 түзөтүү колониясына, Жантөрө Сатыбалдиев жалпы режимдеги, Бишкектеги №47 колониясына жана Салайдин Авазов жалпы режимдеги, Молдовановкадагы №27 колониясында жазаларын өтөө чечими кабыл алынган.

Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев № 27 колониядан айырмаланып, № 8 колонияда мамлекеттик органдарда кызмат өтөгөн адамдар үчүн атайын аймак жок экенин билдирген.

“Бул анын өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн дегенди билдирет. Мындай учурда ал коопсуздук шарттарын түзүүнү суранышы мүмкүн. Бирок ал муну кылганбы же жокпу, билбейм, анткени карантинге байланыштуу колонияда адвокат менен жолугушууга тыюу салынган”, – деп билдирди Замир Жоошев.

Адвокаттын айтымында, Сапар Исаковдун өлкөдө экинчи эң маанилүү кызматты ээлегендигин эске алганда, аны №8 колонияга жайгаштыруу негизсиз болгон.

“Ал мамлекеттик сырды алып жүрүүчү. Ал жайгаштырылган мамлекеттик №8 колонияда мамлекеттик жашыруун сыр ачыкка чыкпайт деген кепилдик жок. Ал өзү өз ыктыяры менен жашыруун маалыматты ачыкка чыгарбайт. Бирок контингентти эске алганда, бардыгы болушу мүмкүн”, – дейт адвокат.

Kaktus.media басылмасы №8 колонияда кимдер жаза өтөгөнүн жана кандай окуялар болгонун тизмектеген:

Кримтөбөл Камчы Көлбаев

Чолпон-Ата шаарынын тургуну. Ал узак убакыт бою Кыргызстандын криминалдык дүйнөсүнүн лидери Рысбек Акматбаевдин жан-жөөкөрү болгон. Бирок, 1990-жылдардын аягында ал анын тобунан бөлүнүп чыккан. Ошол кезде көптөр Акматбаев Көлбаевдин бизнесин тартып алган деп айтышкан.

2000-жылы Рысбек Акматбаевге кол салуу болгон. Анын эки жандоочусу өлтүрүлгөн. Акматбаев өзү жаракат алган. Камчы Көлбаевге эки адамды өлтүргөн жана үчүнчүсүн өлтүрүүгө аракет жасаган деген айыптар коюлган. Сот аны 25 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Көлбаев мөөнөтүн акырына чейин өтөгөн эмес.

2006-жылы февралда ал Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясынан жатак абакка которулган, көп өтпөй ал жактан качып кеткен.

Андан кийин “Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу беренеси боюнча иш козголгон. 2012-жылы “өз ыктыяры менен” укук коргоо органдарына багынып берген. Ал бир нече кылмыш беренелери үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, көп өтпөй эркиндикке чыккан.

Боха Казарманский

Болот Самсалиев – Боха Казарманский деген каймана аты менен белгилүү, Камчы Көлбаевдин жакын санаалаштарынын бири. Ал №8 колонияда жазасын өтөп, талап-тоноо жана адам өлтүрүү боюнча соттолгон. Самсалиев Бишкек шаары боюнча “смотрящий” болуп эсептелген.

Ал 2006-жылы Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май куюучу станцияда (“Золотой дракон” рестораны жайгашкан жерде) өлтүрүлгөн.

Унаада Болот Самсалиев менен Алмаз Табалдиев (Көлбаевдин жеке айдоочусу) жана Камчы Көлбаев болгон. Алмаз Табалдиев дагы ошол жерден көз жумган. Камчы Көлбаев болсо ооруканага жеткирилген жана ошол жактан дайынсыз жоголгон.

Бишкек милициясы бул окуяны криминалдык күчтөрдүн өз ара “разборкасы” деп баалаган.

Кыргызстандагы Карачайлар Ассоциациясынын төрагасы Исмаил Кочкоров

Исмаил Кочкаров кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин адвокаты жана досу болгон. Бишкек шаардык соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратылган. Көпчүлүк анын Бишкектеги №1 тергөө изоляторунан колонияга которууга каршы болушкан, анткени алар анын дарегине түшүп жаткан ар кандай коркутуулардан улам анын өмүрү үчүн чочулашкан.

2009-жылдын январында Кочкоров ошол эле колониянын эки туткуну тарабынан Кочкоров жаңы эле которулуп келип, карантинде жүргөндө, башкача айтканда, жаңы келген туткундар үчүн убактылуу кармоочу жайдагы өзүнчө жалгыз жаткан камерада өлтүрүлгөн.

Абакта отургандарга ок атуу

2005-жылы Петровка айылындагы №8 күчөтүлгөн режимдеги колонияда жазасын өтөп жаткан туткундардын айтымында, 1-ноябрда таңкы саат 6да түрмөнүн администрациясы бардык камактагыларды аянтка катарга тизип, өзүлөрү аянтты таштап чыгып кетишкен.

Камакта отургандар казармага жана ашканага жөнөшкөндө, аларга карата түрмөнүн сырткы айланасын кайтаруучу күзөтчүлөр жарылуучу патрондор менен ата башташкан.

Мурат аттуу камактагылардын биринин айтымында, анда 1976-жылы туулган бир жигит жана анын курдаштарынын экөөсү оор жаракат алышкан.

“Биз атуу үчүн эч кандай себеп берген жокпуз, козголоң чыгарган жокпуз, эч кандай каршылык иш-аракеттерди жасаган жокпуз жана аларга каршы ок атуудан кийин, алар ачкачылык жарыялашкан”, – деп маалымдайт ММКлар абакта отургандарга шилтеме берип.

Түрмөдөгү тинтүүлөр

№8 колонияда тинтүү-издөө иштери дайыма өзгөчө ыкма менен жүргүзүлүп турат. Акыркы жолу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тинтүү-издөө иштерин жүргүзүшкөн, анда алар абактын айланасын курчоого алып, абактылар качып кетпеш үчүн жол тосмолорун коюшкан.

Издөө-тинтүү иштеринин натыйжасында ар дайым баңгизаттар табылган, акыркы жолу тиииииииииинтүүдө да бул абактан 20 кг салмактагы героин, уюлдук телефондор, сейфтер, wi-fi роутерлер, бычактар табылган.

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: