Menu

Жаңы жылга мындай ашкере чыгымдын кереги бар беле?

Бөлүшүү:

Жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдар чыдамсыздык менен күтүп, кеңири белгиленген майрамдын бири 31-декабрь – Жаны жыл болуп саналат. Мына ошол жылдар тогошкон маалды ар бирибиз үй-бүлөбүз менен балатыны кооздоп тособуз. Мамлекеттик деңгээлде да борбордук Ала-Too аянтына чоң балаты орнотулуп келет. Кайсы бир жылдары катуу шамалдан ошол аянтгагы чоң балаты кулап калып, бийликтегилер шерменде болгондугу белгилүү. Эмнегедир шаар мэриясы ошол өткөн-кеткен кемчилигин оңдойлу дешкенби же башка себеби барбы, айтор быйыл шаардын Жаңы жылдык жасалгасына 15 миллион 580 мин сом бөлгөндүгү көпчүлүгүбүздү таң калтырууда. Башкы балатынын бийиктиги 25 метрди түзүп, ага түндө күйүүчү чырактарды сатып алууга жана башка жасалгаларга 1 миллион 200 миң сом, жалпы аянтты кооздоого 2 миллион 800 мин, 3D форматындагы түзүлүшкө 9 миллион сом бөлүнөт экен. Калган каражат борбордук көчөлөрдү, Жаштар аллеясы менен Курманжан датка эстелигинин тегерегин кооздоого жалпысынан 2,5 миллион сом сарпталып жатыптыр. Эгер байлыгыбыз, акчабыз ашып-ташып жатса бир жөн эле. Бирок мамлекеттин келерки жылга бюджети 20 млрд, сомдон ашык дефицит менен кабыл алынып жатканда мындай ашкере чыгымдын деле кереги жок дегендер четтен чыгууда.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: