Манасчы Акмат Рысмендеевдин “Манас”, “Семетей” китебинин бет ачар аземи 2017-жылдын 21-декабрь күнү, саат 14 .00дө УИАнын кичи жыйындар залында өтөт, – деп маалымдады баса соз кызматы.
Китеп Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалган. Баатырдык эпосту даярдоо белгилүү айтматовтаануучу, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен иш жүзүнө ашырылды (түзүүчүсү “Манас” эпосун изилдөөчү, манастаануучу Айнек Жайнакова).
Аталган китепте белгилүү семетейчи А.Рысмендеевдин «Манас», «Семетей» эпосторунан ар кайсы жылдары жазылып алынган үзүндүлөрү (Мисалга, Көзкамандардын окуясы, Чоң казат, «Семетейден» Айчүрөк жана Семетей, Чынкожонун образдарына, Толтойдун чатагы ж.б. сүрөттөлгөн) орун алган.
А.Рысмендеевдин «Манас», «Семетей» эпостору кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгына кызыккан жалпы окурмандарга арналат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ