Menu

Мал уурдоого шектүү жарандар кармалышты

Бөлүшүү:

Базар-Коргон РИИБне жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышып, ушул жылдын ноябрь айында белгисиз адамдар жабырлануучулардын малдарын талаада жүргөн жеринен уурдап кетишкендигин билдиришкен. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Милиция кызматкерлери бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 28 жаштагы К. М. жана Ж.С., 25 жаштагы Х.Г. аттуу ушул эле райондун жашоочулары кармалган.

Ошондой эле, Жети-Өгүз районунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, ноябрь айынын башында короосунан 1 баш малы уурдалганын жана уурдаган адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Жети-Өгүз РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жогорудагы кылмышка шектүү катары Саруу айылынын 20 жаштагы К.М. жана 19 жаштагы К.Н. аттуу тургундары кармалышкан.
Ал эми, Бакай-Ата районунун 57 жаштагы Б.Ө. аттуу жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, ушул жылдын октябрь айында талаасынан 7 баш малы уурдалып, малын уурдаган белгисиз адамдарга карата мыйзамдын негизинде тиешелүү чараларды көрүүлөрүн суранган.

Бакай-Ата райондук милиция кызматкерлери бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында Кең-Арал айылынын 44 жаштагы С.М. аттуу тургуну кармалган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кармалган жарандар башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: