Menu

“Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында баш-аягы 6, 2 млрд сом көлөмүндө каражат каралды

Бөлүшүү:

2020-жылга жылы атамекендик айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, Өкмөт тарабынан 1 млрд 250 млн сом көлүмүндө каражат каралды. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Өкмөттүн “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоору боюнча маалымат угулуп жатканда билдирди.

Баяндамачынын айтымында, 1 млрд сом эки мамлекеттик банкка – РСК менен «Айыл Банкка» 500 млн сомдон жеңилдетилген насыя катары бөлүнүп берилет, ал 250 млн сом субсидиялык каражат болуп саналат. «Ошону менен бирге, эки мамлекеттик банк өз эсебинен 300 млн сом кароого тийиш. Ал эми долбоордо каралган жалпы каражат – 6, 2 млрд сом», = деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: