Menu

Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилиши” кандай кабыл алынат?

Бөлүшүү:

Бийликтан даамы ушунчалык таттуу болобу же кечээки ордун башкалар ээлеп калгандыгына кызганып жатабы, кыскасы экс-президент А.Атамбаевдин саясатка кайра кайтып келери тууралуу билдирүүсү көпчүлүгүбүздү таң калтырууда. Анын бул ат жүрүшү алгач өзүнүн КСДП партиясын жетектөөдөн башталары белгилүү болду. Бийлик партиясы жаңы жылдын алгачкы айынын соңунда кезектеги курултайга чогулуп, партияга төрага шайлашат экен. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер – экс-президент А.Атамбаев каралып жаткандыгын КСДП төрагасынын биринчи орун басары, учурда президенттик аппаратты башкарып жаткан Ф.Ниязов “сүйүнчүлөдү”. “КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир – ал А.Атамбаев. Башка ой жок”,- деп кесе айтты Фарид малай. Ооба, А.Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктап жатканда “Эски саясатчыларды өзүм менен кошо ала кетем. Мен саясатка кайра кайтып келем, алар келишпейт…”,- деп бир нече ирет айткан болчу. Чындап эле ал баарын болбосо да, көпчүлүк өзүнө каршы чыккан жана чындыкты айткан оппозициялык маанайдагы саясатчыларды аренадан кетирди. Тилекке каршы пенсияга же элчиликке эмес, көпчүлүгүн түрмөгө отургузду. Бирок эл, ошол эле КСДПнын мүчөлөрү Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилишин” кандай кабыл алат болду экен?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: