Хоккей оюнуна кызыккандардын саны жыл сайын арбып барат. Жакында эле биздин бөбөктөр океандын ары жагын «талкалап», алтын медалды багынтып келишти эле. Аз өтпөй Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 20 жашка чейинкилер арасында Азиянын чакырык кубогу мелдеши өтүп, мында биздин жаштар татыктуу күмүш медалды жеңишти. Турнирде биздин хоккейчилер алгач Филиппинди 12:4, Бириккен Араб Эмиратын 10:2 жана Индиянын жаштарын 13:2 эсебинде утуп, «үй ээси» Малайзиядан 1:6 эсебинде утулуп калышкан.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ