Menu

Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө грант жана насыя бөлүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоого алынууда

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-декабрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында «Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КР айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин айтымында, аталган долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 млн АКШ доллары. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 млн АКШ долларынын 2,25 млн АКШ доллары – грант, ал эми 2,75 млн АКШ доллары – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75%.

Долбоору Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле фермерлерге инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалы бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Фракция мүчөлөрү долбоордо каралган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу керектигине көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. Ошону менен катар айрым компоненттерге каралган каражатты башка компоненттерге ооштуруу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Соңунда аталган ратификациялык мыйзам долбоорун 2-3-окууларда колдоп берүү боюнча чечим кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: