Кылмыш иши козголуп, камалып кетүү коркунучунда турган Алманбет Шыкмаматовго карата соттун өкүмү чыкты. Соттун чечимине ылайык Шыкмаматов эркиндикте калганы менен 5 млн сом айып пул төлөмөй болду. Ал эми эсеп палатасынын мурдагы кызматкери Жусуп Иманалиев 10 жылга эркинен ажыратылса, “Барат-Юкс” компаниясынын жетекчиси, Германиянын жараны Али Юксел кылмыш жазадан бошотулду. Соттун бул өкүмүнөн кийин коомчулук, «Шыкмаматов бийлик менен сүйлөшүүгө барган го» деген тыянак чыгарып жатышат. Ким билет, кайсыл бир кыргыз тилдүү гезит жазгандай, Алманбет мырза бийлик тарап менен айласыз жолугушууга баргандыр. Түрмөдө отурганды ким эле кааласын.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ