Menu

КСДПнын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековду суз мааниде колдогону эмнени каңкуулайт?..

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-май күнү КСДПнын саясый кеңеши өтүп, негизинен президенттик шайлоого талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбековду жактырышкан. Ортодон кыйшаңдаган спикер Чыныбай Турсунбековдун “оюну” өтпөй калып, тар чөйрөдө уят болду.

Ал эми аныгына келсек, президент Алмазбек Атамбаев КСДПга буйрук бергени, ошонун амири менен Сокени аргасыздан колдошкону аныкталууда.

А болбосо саясый кеңештегилер тырчышып, баары каршы чыккандай позицияны карманып келишкенин кантебиз? Кокус эртең Атамбаев досу Өмүрбек Бабановго «көз кысып« койсо, саясый күчтөр жапырт бурулуп кетиши да ыктымал. Негизи бүгүнкү күндө Өмүкенин рейтинги баарынан алдыга кетип атканы, жооткотуп айтканда, экинчи турга ойноп чыгышы күтүлгөн эле көрүнүш болууда. Бүгүнкү КСДП деле Сокени чын жүрөгүнөн колдоп аткан жок, суз маанайда кабыл алышыптыр, бир жагынан спикер Чыныбай Турсунбеков дагы кыянаттык кылганга жан үрөдү. Ал дагы да кастарын тигиши ажеп эмес. Ошол эле маалда КСДПнын түндүк катмары «регионалисттерге« каршы туруу боюнча иш-чараны баштап атышканы чатакты тутантпайбы? Кызыгы, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигинен кийин түндүк катмар Темир Сариевге ооп кетиши да чоң коркунучту жаратат…

Аныгында, эми да кеч эмес. Кокус ажо эртең көз карашын өзгөртүп, Иса Өмүркуловду колдосо кандай дейсиңер? Жаратмандык, профессионалдык жагынан бүгүнкү күндө Өмүркуловдон өткөн кадр жок болсо керек! Бара көрөлү…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: