2017-жылдын 21-декабрь күнү болжол менен саат 11:50 чамасында Нарын ОИИБдин ЖКККБнин кенже тескөөчүлөрү, милициянын сержанты К.А. менен милициянын кенже сержанты Р.У. дислокациялык баракчанын негизинде Нарын шаарынын С. Орозбак жана Шулер көчөлөрүнүн кесилишинде кызматтык милдетин аткарып жатышып, автоунаа токтоого тыюу салынган белгиге (жолдо жүрүү эрежелеринин 3.27 белгиси) баш ийбей токтоп турган “Тойота-Гайа” үлгүсүндөгү автоунаасынын жанына милиция кызматкери барып, айдоочуга өзүн тааныштырып, тиешелүү документтерин сураган учурда, 1977-жылы туулган Б.Б. аттуу айдоочу милиция кызматкеринин талабына баш ийбей, маданиятсыз сөздөр менен сүйлөп, автоунаасынан түшө калып, өтүп жаткан элдерди көзгө илбей, жакалап, төш тарапка уруп жиберген. Бул туурасында ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдирет.
Жыйынтыгында тескөөчүнүн видеорегистратору талкаланып, кийген формасы айрылган. Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн айдоочу мас абалында болгондугун текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми бул окуянын күбөлөрү көрсөтмө берип жатышат.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтү) менен кылмыш иши козголуп, айдоочу Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ