Искендер Гаипкулов дегенде Бакиевдердин кошелёгу эске түшөт. Айтылуу «Ак Жолдон» депутат болуп, андан эсептөө палатасына секирип барып, канкор Жаныш Бакиевдин капчыгын толтуруу менен гана алектенген бул кишини кимдер гана тааныбайт. Дегеним, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна тизме боюнча так ошол Искендер Гаипкулов келди. Ушул киши уяты болсо саясатка аралашпай эле, оокатын кылса жарашмак. Камалып, жоопко тартылбай жүргөнүнө тобо келтирсе болмок. Кайрадан саясый аренага аралашканына караганда капчыгы жукара баштаган го. Эң кызыгы канча жылдан бери акыйкат, чындык, тазалык деп кыйкырып келген «Ата-Мекен» партиясынын короосуна жегичтер менен канкорлордун командалаштары кирип алганы аталган партияга эмне абийир алып келет?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ