Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин өлкөнүн Каржы министрлигинде 50гө жакын кызматкер жумуштан алынды. 22-декабрда Мирзиёев тарыхта биринчи жолу парламенттин эки палатасына кайрылуу жасаган.
Мамлекет башчы төрт саатка созулган сөзүндө Каржы министрлигинин ишин катуу сынга алган. Мекеме башчысына бир айдын ичинде министрликтин ишин өзгөртүүнү тапшырган Мирзиёев талаптар аткарылбаса министр Жамшид Кочкоровду иштен аларын эскерткен.
Анын эртеси 23-декабрда Каржы министрлигинде 50гө жакын кызматкер жумуштан алынганы кабарланды. Өз булактардын маалымдашынча, алардын арасында бир канча башкармалык жетекчилери жана орун басарлардын ысымдары дагы бар. Kun.uz сайты тарабынан жарыяланган иштен алынгандардын тизмесинде кеминде үч башкармалыктын жетекчисинин аты бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ