Menu

Казакстан азырынча Иранга уран экспорттобойт

Бөлүшүү:

«Казатомпром» компаниясы Тегеран менен өзөктүк келишим түзгөн алты дүйнөлүк державадан уруксат алганга чейин Иранга уран жеткирбей турган болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

2015-жылы кол коюлган келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдү киргизет, ошол эле маалда бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилет.

Британиянын New Europe жаңылыктар сайтынын маалыматына караганда, 21-декабрда «Казатомпром» ишканасынын төрагасы Галымжан Пирматов өзөктүк макулдашуунун катышуучулары болгон алты өлкө (Улуу Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ жана Германия) уруксат бергенден кийин гана Иранга уран концентратын жеткирүү мүмкүн болорун айткан.

950 тонна уран концентратын сатуу боюнча Иран менен Казакстандын ортосундагы келишимге 2016-жылы апрелде кол коюлган. Анда уран жеткирүү быйылкыга пландалган, бирок кызыктар тараптардын уруксатын алуу кечеңдеп жаткандыктан ал ишке ашпай келүүдө.

Ирандын Financial Tribune жаңылыктар сайты алты өлкө уруксат берген шарт менен «Казатомпром» келишим мөөнөтүн 2020-жылга чейин узартканын жазды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: