Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-декабрь күнү Экс-Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча 5 млн сом айыппулга жыгып, генерал-майор деген наамынан ажыратты. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Таалайбек Өмүралиев КР Коргоо министри болуп иштеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттен министрликке бөлүнгөн 5 миллион сом акчаны бир чарбалык субъектге айлантып жүгүртүүгө мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталды.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ