Бул аткаминердин кызмат жагынан бактысы тоодой экен. Буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеди эле. Андан соң Улуттук банктын төрагалык кызматын басып жыгылды. Эми болсо «Ат айланып казыгын табат» болуп өзү мурда иштеп кеткен мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы катары экинчи ирет бул тармакта өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.
Ишмердүүлүк демекчи, ушул кишинин эт менен челдин ортосунда жүргөн жетекчи экендиги илгертен эле белгилүү. Эл арасында экс-президент А. Атамбаевдин сүймөнчүктүү кадры аталган бул эргул эртең эле мындан да жогорку мамлекеттик кызматка барса анча таң калбай деле калдык.
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ