Президенттик шайлоонун алдында Өкмөт башчы болуп Сапар Исаков келген эле. Ал «Кырк кадам» деген программасы менен өлкөнү өнүктүрөм деп бел байлап, жалаң жаш реформаторлордон куралган аткаруу бийлиги болдук деп көкүрөк каккан. Жаш реформаторлор төрт айга жакын убакыттан бери мамлекеттик кызматта тажрыйбасы аз экенин көрсөтүп, кырк кадам эмес, жарытылуу бир кадам таштай элек. Исаковдун ушул кезге чейин көрүнүктүү иши байкалбады. Ийгиликтүү иштерине караганда, терс пикир жараткан иштери арбын болду.
Казак-кыргыз чек арасы жабылып калган кезде, «Назарбаев менен сүйлөштүм, чек ара маселесин чечүүнү Өкмөтүнө тапшырды» деп коомчулукка жарыялап жиберип, эртеси казак тарап «Нурсултан Назарбаев Сапар Исаков менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөн эмес. Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арадагы кырдаалды чечүү буйругун бергендиги дагы калп. Эки өкмөт мүчөлөрүнө бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүү гана сунушталды» деп, Сапардын калпын чыгарып койгон. Исаковдун тушунда «Кумтөрдөгү» мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берилди. Жаш реформаторлордон куралган командасы четинен ыдырап баратат. Азыр өзү менен кошо алып келген Жумакадыров, Зилалиев, Абдыгуловдун бири да жок. Тегерегинде мурунку эле эски караандар.
Даярдаган: Нурсултан Шайдинов
Булак: Жаны Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ