Menu

Чыныбай Турсунбеков: “Спикерликтен кеткеним чыңалган саясий кырдаалды өзгөрттү”

Бөлүшүү:

-Чыныбай мырза, сиз спикерликтен кеткени саясатка көп активдүү аралашпай калдыңыз. Муну себеби эмнеде?

-Биринчиден, китеп окуп, китеп жазып атам. Экинчиден, мыйзамдарды окуп, мыйзамдардын үстүндө иштеп жатам. Өзүмдүн билимимди өркүндөтүүнүн артынан да түшүп дегендей. Үчүнчүдөн, эл менен иштешип жатам. Анча-мынча ден соолугумду да карап, машыгууларга, тенниске барып, айтор, бир сөз менен айтканда, кыла турган иштер көп эле. Активдүү саясаттын ичинде элемин. Бирок, трибунага же гезит-журналдарга чыгып, өтө актуалдуу маселелерди айта турган учур келет. Азырынча бир ай-эки айлык тыныгуу болуп турат.

-Сиз төрагалыктан өз ыктыярыңыз ме­нен кеттиңиз. Бирок, сиздин отставкаңыздын президенттик шайлоо менен, өз талапкерлигиңизди көрсөткөнүңүз менен байланышы жокпу?

-Билесиңер да, мен кетип атканда Кыргызстандагы жалпы кырдаал кандай эле. Жалпы саясый тонус жогору болуп, кырдаал чыңалып турган мезгил болчу. «Менин кетишим ошол чыңалууну түшүрөт» деген ишеничте болдум. Чындап эле түшүрдү да. Ошого байланышту кеттим. Анткени, Кыргызстандагы абалдын чыңалышы өзү саясаттан келип чыгып атат. Албетте, экономика биринчи кезекте. Бирок, экономиканы өнүктүрүү да саясатка байланыштуу.

-«Шайлоого катышып көргөндө болмок» деген өкүнүү жокпу сизде?

-Азыр убакыт өтүп кеткенден кийин өкүнгөндө… Азыркы анализ менен караганда, ар кандай ойлор келет, бирок мен ойлойм, ошо кезде мен иштешкен команданын кызыкчылыгына караганда, жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгын алсак, менин катышпаганым туура эле болгон. Ал эми менин жеке өзүмдүн кызыкчылыгыма караганда, катышсам менимче, туура болмок. Кырдаал ошондой болду.

-Сыр болбосо, азыркы президент менен шайлоого чейинки мамилеңиз кандай эле, азыр кандай?

– Менин мамилем ар дайым бир калыпта. Мурунку президент менен дагы, кийинкиси менен дагы, түрмөдө жаткан Текебаев менен дагы. Баары менен бир калыпта мамилем бар. Албетте, ар кайсы маселе боюнча ким менен болбосун көз караштагы кагылышуулар болот. Бирок, алар кырдаал өткөндөн кийин унутулушу керек деп эсептейм.

-Кандай дейсиз, парламент тарашы мүмкүнбү?

-Азыркы парламентти таратууга кызыкдар күчтөр көбүрөөк сырттан болушу ыктымал. Ичтен андай күчтөр жок. Менимче, президент менен деле, өкмөт менен деле бул парламент жакшынакай эле иштешип атат. Андыктан, бийлик бутактарынын ортосунда проблема болбогондон кийин бул парламенттин тарашына эч кандай зарылчылык жок.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: