Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиевдин демилгеси менен 27-декабрда Сары-Дөбө айылында колунда жок, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үшүр, зекет таратылды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Күз мезгилинде чогултулуучу үшүр менен зекетти Сары-Дөбө айылынын имамы Дүйшөнкул ажы Солпиев жыйынап, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө айыл өкмөт башчысы Бакый Бактияров, Түп районунун баш имам хатиби Кайкиев Бакыт, айыл аксакалдары жана жаштар менен биргеликте таратып беришти.
Жалпы чогулган сумма 116 миң сомду түзүп, толугу менен жардамга муктаждарга жумшалган. Ал эми жардамга ээ болгон үй-бүлөлөр айыл тургундарына өздөрүнүн терең ыраазычылыктарын билдиришип, бул демилге башка айылдарда дагы уюштурулса деген сунуштарын беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ