Menu

Түркмөнстанда институттун окутуучусу паракорчулук айыбы менен иштен бошотулду

Бөлүшүү:

Түркмөн мамлекеттик транспорт институтунун кафедра башчысы “Азаттыктын” түркмөн кызматы окуу жайдагы паракорчулук тууралуу макала жарыялагандан кийин жумуштан бошотулду.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы Түркмөн мамлекеттик транспорт институтунда иштеген окутуучулар студенттерден мажбурлап акча чогултары тууралуу баяндаган. Бул маалыматтан кийин окуу жайдын кафедра башчысы Юсуп Михтиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Юсуп Михтиев бул маалыматты четке кагып, кафедра башчысы катары институтта ишин улантып жатканын билдирди.

Бирок Түркмөн мамлекеттик транспорт институтунан Михтиевдин иштен алынганын тастыкташып, ал өткөн айдан бери окуу жайда иштебей турганын маалымдашты.

Бул арада “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары аталган окуу жайда паракорчулук жоюлбай жатканын белгилешүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: