Жалал-Абаддагы ашканаларын каттоого алынып, текшериле баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук аймактык башкармалыгынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, башкармалык башчысынын буйругу менен ашканалар 21-декабрга чейин текшерилип бүтүшү керек. Учурда бардык ашканаларды кыдырып, ээлерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча эскертүүлөрдү берип жатат. Эгер айткандары аткарылбаса, анда аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Эске сала кетсек, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. Бир адамдын өмүрүн алган “Антошка” тез татым жайындагы кырсыктан кийин, Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшериле баштаган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ