Жаңы жыл алдында, 30 -декабрь күнү “Сейтек” улуттук балдар жана жаштар борборунда үч суулулар конкурсу өткөрүлдү – “Мисс Университет 2017”, “Мистер Мектеп Бишкек 2017” жана “Мисс Мектеп Бишкек 2017” деген. Бул тууралу “Лимон” басылмасы жазып чыкты.
Эң сулуу студент болуп 20 жаштагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) окуган Нураида Маматалиева аталды. Ал эми эң сулуу мектеп окуучусу болуп, кыздардын арасынан 16 жаштагы Камила Абдысатарова жеңди. Ал №4 мектеп-гимназиясынын окуучусу. Балдардын арасынан “Мистер Мектеп Бишкек 2017” наамын 16 жаштагы ИСИТОдон келген Бекзат Эрнисбеков утуп алды.
“Мисс Университет” эми биздин өлкөнү дүйнөлүк Word Miss University сынагында көрсөтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ