Menu

Кылмыш иши козголуп, кызматынан кеткен Тайырбек Сарпашев эбак жабылып калган “Сентябрь ТВ” телеканалын 3 миллион сомго сотко бериптир

Бөлүшүү:

Жаңы жылда жөн жатпайын дегенби айтор Максим Бакиевдин жери боюнча коррупция менен айыпталып, кылмыш иши ачылып, кызматынан кеткен Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрагасы Тайырбек Сарпашев эбак эле бийлик тарабынан жабылып калган “Сентябрь ТВ” телеканалы ар намысыма шек келтирди деп 3 миллион сомго доо артып сотко бериптир. Бул тууралу бүгүн, 4-январда “Сентябрь ТВ” телеканалынын мурдагы директору Кайыргүл Урумканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, соттун чакыруу баракчасынын сүрөтүн кошо жарыялады.

Чакыруу кагазда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту “Сентябрь ТВ” телеканалын жана анын журналисттерин, интервью берген жаран Абдылда Капаровду 10-январга саат 15.00.гө сотко чакырган.

Күлкү келерлик нерсе, “Сентябрь ТВ” телеканалы эбак эле ушул эле интервьюнун негизинде жабылып, анын аппеляциялык соту 27-декабрда Жогорку сотто да каралып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун телеканалды жабуу тууралу өкүмү күчүндө калтырылган. Канал эфирден ажыратылып, эмгек коллективи ар башка каналдарга тарап кеткен. Сотко чакырылган журналисттер да 7 ай мурун кызматынан кетишкен. Ошондо сотко жок телеканал жооптуу болуп барабы?  Телеканалды ошол эле соттор жабып салышканын өздөрү билишпейби?

Ал эми ошол Сарпашев сотко берген интервьюнун каарманы Абдылда Капаров ушул эле интервьюнун негизинде ошол кездеги премьер Сооронбай Жээнбековдун ар намысын кордоду делип соттолуп, азыр Нарында, Батукаев мыйзамсыз бошоп кеткен түрмөдө олтурат. Анын пенсиясын сот үй бүлөсүнө бердирбей айыппул катары тартып алып жатканын да сот билет. Ошондо Нарындагы оор кылмышкерлер жатчу түрмөдөн Абдылда Капаров 10-январдагы Бишкектеги сотко кантип келет?  Ал байкуш бир эле интервью үчүн эки жолу соттолобу?

Оң колу жасаган ишти сол колу билбеген бул кандай бийлик орноду Кыргызстанга?

Булак:Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: