Menu

Сагындык Келдибаев, РАЖ депутаты: Кош жарандыгы бар деп жалган маалымат таратышкандар Кадыралиевдер…

Бөлүшүү:

Республика Ата Журт фракциясынан Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-министрлик кызматка дайындалгандан кийин, анын ордуна партиянын кезектеги 85-тизмеси боюнча Сагындык Келдибаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бирок, ал мандат алганга чейин «кош жарандыгы бар экен, кылдат текшерилүүсү керек» деген кайрылуулар бир нече коомдук уюмдар тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына түшүп, мандат берүү көпкө кармалды. Шейшембиде Келдибаевдин кош жарандыгы жок экендиги БШК тарабынан аныкталып, мандат тапшырылды. Эртеси Жогорку Кеңештин трибунасында ант берип, депутатгык кызматына киришти. Жацы депутат өзү тууралуу айтылып келген сөздөр жана толкундануу сезимдери менен бөлүштү.

– Сагындык мырза, сизди «депутат болуп келет» дегенде «кош жарандыгы бар, Россиянин жараны» деген маалыматтар көп айтылып, социалдык тармактарда талкууга түштү. Качан, кандай муктаждыкта Россия жарандыгын алдыңыз эле?

– Эл катары мигрант болуп Россияга барып, бирок иштөөгө мүмкүнчүлүк болгондон кийин 2006 жылы жарандык алууга туура келген. Жарандык алдым, 7-8 жыл иштедим. Кыргызстанга келип, Жогорку Кеңешке депутаттыкка партиянын катарында аттанаарда, бардык мыйзам, эреже-талаптар менен тааныштым. Андагы «талапкер башка өлкөнүн жараны болбоого тийиш» деген мыйзамга ылайык, 2014-жылдын 23-декабрында жарандыкты тапшырып, ал жактан жарандыкты тапшыргандыгымды тастыктоочу маалымкат алып келип, документтер менен кошо БШКга өткөрдүм. Бул процесстерден кийин гана шайлоого катыштым.

– Сизди «Россиянын жараны» деген маалыматтарды кимдер таратышы мүмкүн?

– Мен тууралуу ар кандай сөздөр, талкуулар чыкты. «Россиянын жараны депутат болуп келет экен» деп, сындар айтылып кетти. Мындай жалган маалыматгарды кимдер чыгарып, таратып жатканы да мага белгилүү. Алар – Кадыралиевдер. Канжар Кадыралиев менен анын карындашы Ыргал Кадыралиева менин депутат болуп келишиме мүмкүн болушунча тоскоолдук кьшышты. Анткени, Канжар Кадыралиев Ош шаардык прокуратурасында иштеп турганда менин бир тууган иним Сактан Келдибаевди курал менен опузалап, коркутуп, кордук көргөзгөн. Бул боюнча иним арыз жазып, Кадыралиев ишинен айдалып, «каракчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш азырга чейин сотто каралып жатат. Ушу күнгө чейин Кадыралиевдер «иниң тосмо арыз жазып берсин» деп мага бир нече жолу келишти. Биз макул болбой келебиз. Күнөөлүү адам сот алдында мыйзамдуу жазасын алышы керек.

– Интернетте дагы башка маалыматтар тарады. Анда сиздиң Россиянын жараны экендигиңизди 2015-жьшы Россиянын ИИМнин башкы башкармалыгы тастыктагандыгы айтылат…

– Мен туура эмес маалымат берип, жарандыгымды жашырсам, мыйзам алдында жооп береримди билем. Ошондуктан, мыйзамды бузууга бармак эмесмин жпна барбайм дагы.

– Депутат болдуңуз. Сезимдериңиз кандай?

– Тизме боюнча кезегим жакындаганда эле толкундануу сезимдери башталган. БШКдан мандат алганда андан бетер. Депутаттык мен үчүн элге-журтка кызмат кылуу. Эл үчүн кызмат кылганга, шайлоочуларымдын ишеничин актаганга аракет кылам.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: