-Жаныш Султанкулович, Түркмөнстанда жаңы жылды кандай тосушат экен? Жыл тосуу боюнча кандайдыр бир айырмачылыктар бар бекен?
-23-декабрдаТүркмөнстанда президенттик жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Ал жерге Түркмөнстандагы баардык элчиликтердин өкүлдөрү менен өздөрүнүн чет өлкөлөрдөгү элчилерин чакырышты. Аксакалдарын, чыгармачыл интеллигенция менен бүтүндөй бийлик бутактарынын өкүлдөрү чакырылып, жаңы жылдык балаты аземине катышышты.
Бул салтанатта Түркмөнстандын өлкө башчысы өзү эл алдына чыгып, ырдап берди. Президенттик балаты майрамына чейин Түркмөнстанда кичинекей балдардын балаты майрамы болуп, ал жерге да президент өзү барып катышып, жеткинчектерге ак тилегин билдирип кайтты. Жаңы жылдык жасалга быйыл бул өлкөдө өзгөчө ыргакта кооздолду окшойт.
-Түркмөнстандын бийлиги Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков менен азыркы кыргыз бийлигине кандай кзө карашта болууда?
-Жаман эмес. Эки тараптуу мамилебиз, азыркы президентибизге болгон көз караштары жакшы деп айтсам жаңылбайм. Жакында Түркмөнстандын тышкы иштер министри менен жолуктум. Мени менен кошо биздин тышкы иштер министрибиздин биринчи орун басары Динара Кемелова да барып, чет өлкөлүк кесиптеши менен сүйлөшүп кайтты. Алардын бизге көз карашы абдан жакшы десем болот. Биздин жаңы президентибиз ал жакка расмий иш сапары менен барса абдан жакшы болот эле. Азырынча бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мурдагы жылы Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келип кеткен эле. Ал эми өткөн жылы келээрде Ислам Каримовдун көзү өтүп кетип, ал жакка барып, бизге келе албай калган. Эми биздин президентибиз да протокол боюнча Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барышы керек.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ