Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн, КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жана Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын 2017-жылга карата кабыл алынган иш мерчемдерин аткаруу максатында жана «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коопсуздук Кеңешинин чечимин, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында облус казысы Закиров Абдулазиз кары тарабынан бекитилген ырааттамага ыйлайык мамлекеттик администрациялардын бардык структураларынын кызматкерлери, КР ДИМК, мугалимдер, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, КМДБ, БТК, күч түзүмүнүн кызматкерлери, облус казысы, казыят кызматкерлери, район, шаардын баш имам хатибдери, жергиликтүү имамдар, аксакалдар, жаштар жана аялдар комитетинин, диаспоралардын өкүлдөрүнүн жана ЖМК кызматкерлеринин катышуусунда райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын жыйындар залдарында көчмө жыйындар уюштурулуп, бир катар чечимдер кабыл алынган. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
Көчмө жыйындын күн тартибинде Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган ыйман, адеп жана маданият жылына карата кыскача слайд- ролик, райондук жана шаардык хатибияттарында аткарылган иш чаралары боюнча маалыматтар, “Ынтымак-мүрөк суусундай, Чыр-чатак жылаан уусундай”, “Диаспоралар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө”, “Улуттар аралык тынчтыкты сактоо” максатында даярдалган видео-роликтер жана өнөктөштөрдү, дин кызматкерлерин жана имамдарды сыйлоо аземи өткөрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ