Британиялык окумуштуулар улуу жазуучу Антон Павлович Чехов мээсине кан куюлуп каза болгондугун далилдешти. Бул туурасында The Times басылмасына шилтеме жасап Lenta.ru. билдирет.
Жазуучу 1904-жылдын 15-июлунда Германиянын Баденвайлер курортунун мейманканасында көз жумган. Буга чейин Чеховдун өлүмүнө жүрөк пристубу себеп болгон деп айтып жүрүшкөн. Андан сырткары кээ бирлери туберкулез оорусунун айынан каза болгон деп эсептешчү.
“Улуу Британиялык окумуштуулар жазуучунун көйнөгүн тыкыр химиялык анализден өткөрүшүп, өлүмдүн себебин такташкандыгын өтө чоң ишенимдүүлүк менен айтышууда. Көйнөктөгү тактар туберкулездун бактерияларынан сырткары белоктук затты дагы камтышат. Дал ушул нерсе, окумуштуулардын айтуусунда тромбдун пайда болуусуна, тамырлардын бүтөлүп мээге кандын куюлушун көрсөтүп турат”, – деп билдирет басылма.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ