Кыргыз Республикасынын бир коммерциялык банкына 30 миң сом жана дагы бир башка коммерциялык банктын эки кызмат адамына 7 миң сомдон административдик айып салынды. Бул туурасында Улуттук банктын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, айып пулдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн салынган.
Маалыматта кайсы банктарга айып салынгандыгы жазылган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ