Menu

2018-ж. март айында Швейцарияда Билим берүү менен карьеранын Эл аралык көргөзмөсү болот

Бөлүшүү:

2018-ж. 14-15-мартында Цюрих шаарында (Швейцария) «ZurichEduCaExpo 2018» аттуу Билим берүү менен карьеранын экинчи Эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чаранын уюштуруучусу – Тынчтык жана диалог институту – эл аралык көз карандысыз коммерциялык эмес жана диний эмес институт. Институт өзүн институционалдуу диалогду чыңдоо жолу менен, жарандык коомдордун, бейөкмөт уюмдардын, ишкер жана мамлекеттик мекемелердин катышуусу менен ортомчулук жана акаденмиялык билим берүү аркылуу мамлекеттер, компаниялар жана общиналар аралык конфликттердин алдын алууга арнайт.

Көргөзмөгө катышууга кызыгуу пайда болсо, кошумча маалыматты Тынчтык жана диалог институтунун сайтындагы төмөнкү даректерден алууга болот:
http://www.ipdinstitute.ch жана http://www.ipdinstitute.ch/ZurichEduCaExpo-2018/.

Иш-чаранын форматы: билим берүү кызматтарынын ярмаркасы, ага студенттер, изденүүчүлөр, мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер, мугалимдер, иштеп жаткан улуу адамдар, билим берүү программаларына катышууну каалаган өнөр жайы менен коомчулуктун өкүлдөрү жана карьералык өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөр.
Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү:
2018-ж. 15-февралы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: