Menu

Ысык-Көлдө Уюшкан кылмыштуу топко $500 доллар “отметка” төлөбөй койгон ишкердин “Осьминог” кафесин өрттөп салышкан

Бөлүшүү:

Жекшемби күнү, 7-январдын таңында Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы “Осьминог” кафесин белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишкен. Өрт коңшу жайгашкан “Грин Хаус” мейманканасынын 3 кабаттуу, “Саябан” мейманканасынын 2 кабаттуу  имаратына да өтүп, күйүп кеткен. Өрт өчүргүчтөр өрттү өчүрүү үчүн  4 саат күрөшүшкөн. Бул тууралу маалыматты Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы таратты.

Ал эми “Осьминог” кафесинин ээси А.Аскаттын айтымында бул андан өч алуу үчүн Уюшкан кылмыштуу топтун атайын уюштурган өрттөөсү. 2016-жылы жайында А.Аскат келинчеги менен “Осьминог” кафесин сатып алып, акчасын 5 жыл ичинде төлөп берүү убадасы менен келишим түзүшкөн. Ошондон бери ал жайкы сезондо келинчеги экөөсү кафесин иштетип, кафенин мурунку ээсине келишимдеги сумманы бөлүп-бөлүп төлөп келатышкан. Бирок, 2017-жылы жайында сезон башталганда өздөрүн Уюшкан кылмыштуу топтун Бостеридеги “смотрящийи” деп атаган жигиттер келип, А.Аскаттан сезон сайын аларга $500 доллар “отметка” төлөп турууну талап кылган. Болбосо кафеси күйүп кетиши мүмкүн экенин эскертип коркутушкандыктан А.Аскат укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылып, УКМКнын райондук бөлүмү жана ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын кызматкерлери 2 жаранды кармап сотко өткөрүшкөн. Кармалгандар чын эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болуп чыккан. Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2017-жылы ноябрда эркиндикке чыгарып жиберген. Алар чыгары менен А.Аскатка телефон чалып, кафеңде өрт чыгышы мүмкүн деп дагы эскертишкен. Айткандарындай эле 2 ай өтпөй, 7-январда А,Аскаттын “Осьминог” кафесин бирөөлөр өрттөп кетишкен. Андан А.Аскат гана эмес анын коңшулары, жеке менчик мейманкалар да жапа чегишкен.

Кафе “Осьминог” өрттөлгөнгө чейин жана өрттөлгөндөн кийин:

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: