2018-жылдын 8-январь күнү Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ушул эле райондун 58 жаштагы З.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Бул туурасында Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Себеби 7-январь күнү саат 15:00 чамаларында Араван районунун Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайында “ДЭУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаасын токтотуп кеткен убакта белгисиз адамдар уурдап кетишкен.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде Арван РИИБдин кызматкерлери кылмыштын изи суутпай кылмышка шектүү катары Араван районунун 27 жаштагы Р. М. аттуу жашоочусун кармашкан. Шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө унаа токтотуучу жайга келген унааларды байкап отруган. Андан соң “ДЭУ- Матиз” үлгүсүндөгү автоунаа токтоп, ээси унааны бекитпей чыгып кеткендигин байкап, унааны айдап качып кеткен. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүү убактылуу-кармоочу жайга киргизилди. Табылган автоунаа айып төлөнүүчү аянтчага токтотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ