Menu

Акүй: Трамп 16-январда Назарбаевди кабыл алат

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп 16-январда Вашингтондо Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат.

9-январда Акүй тараткан маалыматка караганда, эки өлкө лидери аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык боюнча стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү жолдорун талкуулашат.

Трамп менен Назарбаевдин жолугушуусунда бир катар эл аралык маселелер, анын ичинде Ооганстан жөнүндө сөз болот. Бул темалар айдын соңуна чейин БУУнун коопуздук кеңешинде дагы талкууланат.

Кечээ, 9-январда Назарбаев Астанада АКШнын Казакстандагы элчиси Жордж Кролду кабыл алган. Казак администрациясы 26 жыл мурун түзүлгөн достук мамилелерди өнүктүрүүгө аракет жасай турганын билдирген. Назарбаев америкалык элчи менен жолугушууда терроризм, соода жана инвестицияны кеңейтүү боюнча мындан ары да кызматташууга үмүт арткан.

Назарбаевдин билдиришинче, Казакстанда америкалык капиталдын катышуусунда 500дөй компания иштейт. Алар товар өндүрүү, өз продукцияларын экспорттоо менен алектенет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: