Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 11-январда, Россиянын шаарлар бирлигинин президенти, Челябинск шаардык Думасынын төрагасы Станислав Мошаров жана аталган бирликтин башкы директору Александра Игнатьева баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Дайыр Кенекеев белгилегендей, жергиликтүү өз алдынча башаруу органдары деңгээлинде ассоциациялар жана бирликтер аркылуу кызматташуу достук мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү катары саналат.
«Мен Бишкек шаарында мыкты муниципалдык тажрыйбалардын V – Эл аралык Форумун өткөрүүнү сунуштаганыңыздарга кубанычтамын. Премьер-министр Сапар Исаков мамлекет аралык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында аталган форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, бул сунушту колдоого алды», – деди ал.
Челябинск шаардык Думасынын төрагасы Станислав Мошаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Бишкек шаарында мыкты муниципалдык тажрыйбалардын V – Эл аралык Форумун өткөрүү боюнча көрсөтүлгөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.
«Биз бул форум шаарлар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы келечекти жана мазмундуу аянтчаларды пайда кылаарына ишенебиз», – деп белгиледи Станислав Мошаров.
Бишкек шаарындагы мыкты муниципалдык тажрыйбалардын V – Эл аралык Форуму 2018-жылдын апрель айына пландаштырылган.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Россиянын шаарлар бирлигинин иши муниципалитеттер аралык кызматташтыктын аймагын кеңейтүүгө жана мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет.
Маалымдама: Үстүбүздөгү жылы Россиянын шаарлар бирлигине 28 жыл толот. Бирлик ар кыл өлкөлөрдүн муниципалдык мекемелери тарабынан чогултулган тажрыйбаларды алмашуу боюнча ишти алып барат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ