Журналистикага эмнегедир кийинки күндөрү чабуул ар тараптан башталууда. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жалган маалымат тараткан жана депутаттардын аброюна шек келтирген гезиттер менен интернет сайттарга чара көрүү демилгесин көтөрдү. Туура колдойбуз. Бирок, Исхак мырза жалпы улуттун, мамлекеттин же жалпы жарандардын аброю тууралуу деле ойлонсо болмок. Депутаттарда гана аброй бар, ал эми башкаларда эштеке жокпу? Же дупатат болуу Кыргызстанда өзгөчө бир артыкчылык береби? Дегеним, Кыргызстандын жашоочуларынан депутаттардын аброю, колу-буту, дене-мүчөсү, аң-сезими артыкчабы? Ооба, капчык жаатында артыкчылык болушу мүмкүн.
Бирок, ошол эле маалда карапайым адамдыкындай да ой жүгүртө албаган, акыл-куюу ченелүү эле депутаттар да бар экенин Исхак мырза кантип тана алат? Баса, ошол эле учурда депутаттар да өздөрүн коомго үлгүлүү жүрүш-туруштары менен көргөзүү тууралуу мыйзам эмнеге кабыл алынбайт? Сауна иштеткен, казинодо ойногон, үч-төрт катын алган, кримчөйрө менен алакалашкан, коррупцияга малынган, «бай-манапский» мүнөз күткөн, боюнда бар келиндерди ур-тепкиге алган, так ошол ушакчы-жалганчы гезит сайттарга ээлик кылган депуттар тууралуу Исхак мырза эмнеге ооз ачпайт? Журналисттерге так ушулар жем таштабай атышабы? Деги, казинолор жабылгандан бери ушул Масалиев абдан зерикти да.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ