Menu

Өзбекстанда короз уруштурууга катышкан 124 киши кармалды

Бөлүшүү:

Ташкент облусунун Урта-Чирчик районунда короз уруштурууга катышкан 124 киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-октябрга караган түнү укук коргоо кызматкерлери Урта-Чирчик районундагы жылкы өстүрүүчү фермада мыйзамсыз короз уруштуруу уюштурулганын аныкташкан. Анда 100дөн ашык киши топтолуп, карантин эрежелерин бузушкан. Мындан тышкары ферманын аймагында мыйзамсыз азык-түлүк саткан жайлар иштеп, аларда санитардык нормалар сакталган эмес.

Жалпысынан 124 киши кармалып, короздор «далил буюм» катары алынды.

Мындан тышкары кармалган жарандарга эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик протоколдор түзүлдү.

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча кошумча тергөө иштери уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: